Педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертация. : 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы. — И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети. — Бишкек: 2019. — 162 б.
Илимий жетекчи: педагогика илимдеринин доктору, профессор Х.Ф.Анаркулов
Изилдөөнүн максаты: 3-5жаштагы балдардын кеп маданиятын дене тарбия көнүгүүлөрүн пайдалануу аркылуу өнүктүүрүнүн педагогикалык
шарттарын иштеп чыгуу.
Изилдөөнүн объектиси: мектепке чейинки балдардын кеп маданиятын дене тарбия көнүгүүлөрү аркылуу өстүрүү процесси.
Изилдөөнүн предмети: мектепке чейинки балдардын ыргагын, координациялык жөндөмдүүлүктөрүн, колдун майда кыймылын жана тыбыштык кеп маданиятын байланыштуу өнүктүрүү.